Транспозиция
Транспозиция (лат. transpositio - орун которуу) _ бир тилдик бирдикти башка бирдиктин ордуна колдонуу кубулушу.
Транспозициянын негизин тилдик бирдиктерди маани жана кызмат жактан салыштыруу түзөт жана ал 3 элементтен турат:
- 1) Транспозициянын негизи;
- 2) Транспозициянын каражаты;
- 3) Транспозициянын натыйжасы.
Транспозициянын каражаты Транспозициянын негизи менен Транспозициянын каражатын байланыштырат. Транспозиция тилдеги асимметрия кубулушунан келип чыгат да тилдин колдонулушунда жана атоо кызматынын кенейишинде орчундуу мааниге ээ болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4