Транспортёр (фр. transporteur, лат. transporto - көчүү, ташуу) - оор жүктөрдү ташууга ылайыкталган атайын вагон.

Ал көлөмү жана салмагы боюнча вагонго (кадимки) жүктөөгө мүмкүн болгон жүктөрдү (чоң кубаттуулуктагы трансформатор, гидравликалык турбинанын бөлүктөрү, генератордун статору жана роторлору, колонна, станина ж. б.) ташыйт. Транспортёрдун төмөнкүдөй түрлөрү бар: аянтчалык, платформалык, кудукчалык, илингичтик, бөлүкчөлүк. Аянтчалык Транспортёрдун ылдый жагында жүктөөчү аянтча орнотулган жана тирөөч кадасы бар. Жүк көтөрүмдүүлүгү 55-220 г. Платформалык Транспортёр аянтчалык Транспортёрдон негизги каданын калыбы менен айырмаланат. Кудукчалык Транспортёрдун эки каптал бетинин ортосунда «кудук» сымал жүк көтөрүмдүү кадасы бар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 60-120 т. Илингичтик Транспортёр жүк көтөрүүчү эки платформадан турат. Платформаларды бириктирүүчү жана узундугун чоңойтуучу турникеттери бар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 120-480 т. Бөлүкчөлүк Транспортёр жүк көтөрүүчү элементтери бар эки бөлүктөн турат. Ортосуна жүк коюлган эки элементтин ылдый жагынан окчолор менен бириктирилет. Анын жүктөөчү жана жүк түшүрүүчү гидравликалык көтөргүчтөрү да бар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 220-500 г.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4