Трассалар - спорт оюндарына, мелдеш өткөрүүгө, дене тарбия менен массалык көнүгүүгө арналган спорт курулмасы.

Трассалар түз жана өңгүл-дөңгүл болушу мүмкүн. Өңгүл-дөңгүл Трассалар өйдө жана ылдый болот. Жантаюусу 3° тан ашык болуп, 20 °гe чейин 20° тан ашпашы керек. Мындай жантаймалардын уз. 50 мдей болот. Трассалардын уз. 3 кмден 50-70 кмге чейин созулуп, машыгуу жана мелдеш жүргүзүүгө ыңгайлаштырылып курулат. Трассалардын эни 3-4 ж, бурулуш аймактарында 5 мге чейин жетет. Трассаларды автотранспорт жана темир жол. аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат. Трассалардын ар биринин паспорту (схемасы кыскача баяндалган жана геодезиялык чиймеси түшүрүлгөн документ) болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4