Тренинг – ар топтогу инсандар аралык мамилелердин өнүгүүсүнө, окуу материалынын интенсивдүү өздөштүрүлүшүнө жана катышуучулардын активдүүлүгүнүн жогорулашына көмөктөшүүчү методдор колдонулуучу окутуу формасы. Ар бир катышуучу өзү мурдатан ээ тажрыйбаларынын негизинде, башка катышуучулардын маалыматтарын өздөштүрүүнүн натыйжасында өз ык-машыгууларын өнүктүрөт. Ал өз ара пикир алмашуунун, ой бөлүшүүнүн негизинде жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Тренингди тренер же фасилитатор алып барат. Ал мүмкүн болушунча калыс болууга аракеттенет. Ой жарыш негизинде ар бир катышуучу өзүнүн жетишпеген жактарын толуктап алууга мүмкүнчүлүк алат. Тренинг тажрыйба аркылуу окутуунун негизги формаларынын бири болуп саналат. Тренингде ар кандай методдор колдонулат. Мисалы, майда топтордо иштөө, түгөйлөш иштөө, жекече иштөө, ролдук оюндар, «акыл чабуулу», моделдештирилген оюндар, жана башкалар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.