Тринидад - Кубадагы музей-шаар.

Санкти Спиритус провинциясында. Кариб деңизинин жээгинде жайгашкан. Калкы 51,9 миң (2010). Тамеки өндүрүшүнүн борбору. Бал камыш иштетүү ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. 18-19к-дагы барокко жана неоклассицизм стилиндеги курулуштар сакталган. Музейлер ж. б. бар. 1514-ж. негизделген. 1988-жылдан шаар жана анын айланасындагы Валье-де-лос-Инхениос өрөөнү (бал камыш иштетүүчү з-дор жайгашкан жер) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4