Тринитротолуол (тротил, 2,4,6-тринитротолуол) С7Н5О6N3, мол. массасы 227,13 -моноклиндүү же ромб формадагы ак түстүү кристаллдар (техникалык продукт - сары түстүү); Сууда, эфирде, CS2 начар; CCl4 жана спиртте аз; бензол, толуол, ацетон, хлороформ, пиридин жана азот к-тасында жакшы эрийт. Структурасы:

СН3

О2N NO2

NO2

Т. кеңири таралган жарылгыч зат. Т. техникада колдонулуучу көпчүлүк башка жарылгыч заттарга (гексоген, тен, тетрил) караганда уруунуга жана сүрүлүүгө аз сезщгичтүү жана коркунучу жок. Т. туруктуу зат, 150оС жогорку темп-рада гана ажырайт. Башка заттар менен аракеттенбейт. Конц. HNO3 жана анын H2SO4 менен аралашмасы 1100С жогорку темп-рада Т.окистендирет.Щелочтор эритмелери менен өзүнөн өзү күйүүчү туруктуу эмес жана өтө сезгич жарылгыч заттар пайда кылат. Т. H2SO4 жана HNO3 аралашмасы менен толуолду нитрлөөдө алынат. Т. снаряддар, мина, торпедаларды толтурууда, таза түрүндө жана башка жарылгыч заттар – гексоген, тэн, аммиак селитрасы (аммотол), динитронафталин менен аралашмалар же куймалар түрүндө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү