Тринитрофенол (пикрин к-тасы), С6Н3О7N3 – мол. масс. 229,11 – сары түстүү кристаллдар. Балкып эрүү t 122,50С, d 1,76г/см3 ; кайноо t 195 оС ~200оС -ысытканда ажырайт, -3000С темп-рада өзүнөн өзү жалбырттап күйөт. Т. кайнаган суу, этанол, бензол, дихлорэтан жана конц. H2SO4 эрийт, нитробензолдо жакшы эрийт. Т. - начар к-та (көмүр к-тасынан бир аз күчтүрөөк) металлдар менен механикалык таасирлерге абдан сезгич, оңой жалбырттоочу жана жарылуучу туздар – пикраттар п.б.. Т. аммиак селитрасы менен аракеттенгенде аммоний пикраты жана азот к-тасы пайда болот (ошондуктан Т, аммониттер алууда колдонулбайт). Т. фенолдисульфок-тасын күкүрт жана азот к-тасынын аралашмасы менен нитрлөөдө, ошондой эле хлорбензолду динитробензолго чейин нитрлеп, пайда болгон динитрофенолду адан ары нитрлөөдөн алынат. Т. – 100 жылдай жүн жана жибектин сары түстөгү боёгу катары колдонулган. XIX к. аягында Т. күчтүү жарылгыч зат экендиги аныкталып, артиллерия снарядында таза түрүндө (“шимоза” деген ат менен Япония “мелинит” деп Францияда, “меддит” деп Англияда) жана динитронафталин, динитрофенол жана башка менен куйма түрүндө колдонула баштаган. Т. жана анын туздары (калий, коргошун пикраты) бат күйүүчү пиротехникалык куймаларды алууда, аммоний пикраты жарылгыч заттар компоненти катары колдонулат. Кээ бир металлдар (К, Na) пикраттары сууда эрибейт, ошондуктан бул металлдар эритмелеринде сандык аныктоо үчүн Т. колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү