Трубадурлар поэзиясы — XII—-ХIII кылымдарда Францияда өздөрү ыр чыгарып, музыкага салып, көпчүлүк арасында аткаруучу ырлардын лирикалык ырлары. Адегенде алардын ырлары турмушка чыгып жаткан кыздарга багышталып, сүйүүнүн улуулугун, турмуш-жашоонун сулуулугун даңазалаган, кийин динге каршы мотивдер үстөмдүк кыла баштаганда, чиркөө-тарабынан тыюу салынып турган. Трубадурлардын поэзиясынан кийин төмөнкүдөй багыттарда жашаган, кансана — сүйүү ырлары, сирвейта — саясий мүнөздөгү ырлар, альба—сүйүшкөндөрдүн таң атардагы кайырлашуу ырлары, едада — түнкү ырлар, пасторелла — чабан кыздын рыцарь менен сүйлөшүү — диалог ыры, тенсона — эки акындын сүйүү, философиялык маанидеги талаш-тартыш формасындагы ырлары, баллада — чогуу аткарыла турган оюн мүнөзүндөгү ырлар. Элдик поэзиянын духуна сугарылган трубадурлардын поэзиясы бүтүндөй Европа адабиятындагы лирикалык поэзиянын гүлдөп өсүшүнө таасирин тийгизди.

Колдонулган адабияттар түзөтүү