Тсаанги (канги, ньеби) — эл. Конго Республикасында (борбор аймагында) жана Габондо (чек ара аймагында) жашайт. Жалпы саны 95 миң адам (1988), анын ичинде КР 50 миң, Габондо 45 миң.

Тил

Тсаанги тили банту уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат (ата-бабалар культу).

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (ямс, батат, маниок ж.б.) жана жыйноочулук (кола жаңгактары) менен алектенишет. Эркектер май пальмаларында, жер жаңгак, жана кофе плантацияларында иштешет. Тамак-аш өсүмдүктөрүн негизинен аялдар бакчаларда жана талааларда өстүрүшөт.

Кол өнөрчүлүк

Салттуу кесиби — жыгачтан оюу (тиричилик буюмдары, маскалар, музыкалык аспаптар).

Коом

Патриархалдык-общиналык мамилелер үстөмдүк кылат. Коомдун негизин энелик туугандык эсеби бар үй-бүлө жамааты түзөт.

Турак жай

Тсаанги дарыялардын жана жолдордун боюндагы компакттуу кыштактарда жашашат. Турак жайлары тик бурчтуу, дубалдары бутактардан жана таяктардан тургузулган, бийик чатыры рафия пальма жалбырактарынан токулган. Жыгач конструкциялар көбүнчө оюулар менен кооздолгон.

Кийим

Тсаанги европалык үлгүдөгү кийимдерди кийишет. Пахта кездемелери басымдуулук кылат.

Тамак-аш

Тамак-ашы негизинен өсүмдүктөн: камыр сымал пасталарды жана ботколорду банандан, ямстан, маниоктон, бататтан жешет; жашылчалардан жана жемиштерден жасалган соустар. Алар ошондой эле балык жешет.

Маданият

Музыкалык жана бий фольклору өнүккөн (мисалы, ксилофондун үнүнө бийлөө).

Булактар түзөтүү