Туз көл – тарыхый топоним, Ысык-Көлдүн байыркы аталыштарынын бири.

Адабияттарда гидроним 7-к-дан бери [кытайлык Таншу дарегинде, 7–10-к. – Яньхай («Туз-Көл»)] маалым. 18-к-да жазылган даректерде, түзүлгөн карталарда көлдүн бул аты баса көрсөтүлгөн. Анда көл суусунун туздуу экени белгиленген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2