Туз (химия)

туз кислотасынын кумуш нитраты менен аракетенишу теңдемесин жазгыла

Туздар — металл атомунан жана кислота калдыгынан турган татаал заттар, химиялык бирикмелер чоң классы. Кадимки шартта түрдүү түстөгү кристаллдар. Аларга иондук структура мүнөздүү. Көпчүлүк туздар уюлдуу эриткичтерде, өзгөчө сууда жакшы эрийт. Туз эритмелеринде оң (катион) жана терс заряддуу (анион) иондорго ажырайт. Туз орто, негиздик, кычкыл ошондой эле кош, аралаш, комплекстик туз болуп бөлүнүшөт. Туздар кислоталар менен негиздер, кислоталар же туз менен металл өз ара аракеттенишкенде пайда болот. Туз кислотасы туздары – хлорид, күкүрт кислотасыныкы – сульфаттар, азот кислотасыныкы – нитраттар деп аталат. Жаратылышта деңиз сууларында, деңиз булуңдарында, акпаган көлдөрдө чогулат. Туз тамак-аш өнөр жайда, медицинада, кээ бири минералдык жер семирткич катары колдонулат.

Мисалы:HCl,KOH ж. б. у. с

Колдонулган адабияттар түзөтүү