Тукумдуулук жаныбарларда жаныбарлардын эволюцияда калыптанган ар бир түрүнүн өзүнө таандык төл берип, нормалдуу шартта табигый өлүм-житимди толуктоо жөндөмдүүлүгү.

Тукумдуулук жашоо узактыгына байланыштуу жана ар кандай түрдүн көбөйүү тибине жараша айырмаланат. Узакка жашоочу жаныбар көбүнчө жыл аттатып тууп, 1-2 гана тукум берет. Аз жашоочу жаныбар (майда кемирүүчүлөр) жылына бир нече жолу 10-15тен төлдөйт. Тукумдуулук жашка, мезгилге жана азыктанууга, климат шартына жараша өзгөрүп турат.

Ар кандай түргө таандык Тукумдуулук касиети малда да болот. Мис., уй, жылкы жалкы тууйт, өтө сейрек эгиздейт; чочко породасына жараша 6-12, кээде 17-20, айрым учурда З0дан торопой, кой-эчки 1-2, роман кою 2-3 козу тууйт. Малды багуу шартын, азыктандырууну жакшыртып, түрдүү ылаңды алдын алуу, илим менен тажрыйбанын жетишкендиктерин кеңири пайдалануу жана асылдандыруу ишин өркүндөтүү аркылуу Тукумдуулуктун саны менен сапатын арттырууга болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4