Тулга отуруу
Тулга отуруу – Байыркы убактарда күйөөсү өлгөн аял, күйөөсүнүн кебетесин окшоштуруп сөлөкөт жасап, сөлөкөттүн үстүнө анын кийимин жаап, баш кийимин коюп, көшөгө тарткан да өзү жыл маалына чейин өрүм чачын жазып, кара кийип, аза күтүп отурган. Т. о. "Манас" эпосунда "Алтымыш катын кошокчу, Тул салдырып берди эми" (Саякбай Каралаев, 2. 253) же "Тулум чачын жайышы Тулга отуруп калышы" делет. "Манаста", баатырларды жоктоо дээрлик жыл маалына чейин созулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4