Туманов Кубанычбек Туманович

Кубанычбек Туманович Туманов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты, «Ар–Намыс» депутаттык Фракциясынын мүчөсү.

Өмүр баяны түзөтүү

Кубанычбек Туманов 1958-жылынын 19-январында Ош областынын Алай районунун Мурдаш айылында туулган. 7 жашка толгондо мектепке барып, 1976-жылы мектепти аяктаган.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

1976-1978-жылдары Гүлчө айылында Алай райондук даярдоо конторасынын(РЗК) даярдоочусу болуп иштеген.
1978-жылы Россиянын Тверь шаарындагы Калинин атындагы айыл чарба институнун даярдоо курсунун угуучусу болгон.
1979-жылы окууга өтүп, аяктаганда дипломдуу адис - зооинженер квалификациясын алган.
1984-1986-жылдары Алай районунун «Социализм» совхозунда зооинженер болуп иштеген.
1994–жылга чейин Алай районунун «Социализм» жана Ленин совхоздорунда башкы зооинженер болуп эмгектенген.
1996-жылы - «Бурулсун» ПКФнын директору болуп иштеген.
1997-2007-жылдары - «Жалал-Абад арак заводу» ЖТАКнун башкы директору болуп иштеген.
2007-2010-жылдары - «Нью-Teк» ЖЧКнын башкы директору болуп эмгектенген.

Сыйлыктары түзөтүү

Эмгектеги жетишкендиктери үчүн Туманов Кубанычбек Туманович Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана өнөр жайды кайра иштетүү Министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган, өнөр жайды кайра иштетүүнүн отличниги болгон.

Шилтеме түзөтүү

[[https://web.archive.org/web/20110811223533/http://www.kenesh.kg/Articles/522-TUMANOV_Kubanychbek_Tumanovich__Frakciya_ArNamys.aspx Archived 2011-08-11 at the Wayback Machine]]