Тундра (финнче tunturi - токойсуз дөң) - арктика аймагына мүнөздүү өсүмдүктөр тиби.

Тундра зоналары.
Тундра (Аляска).

Негизинен Түндүк жарым шардын арктика жана субарктика алкактарында таралган. Тундрага суук климат, көп жылдык тоң каптаган муздак жер кыртышы мүнөздүү. Мамык чөп жана эңилчек, түптүү жапыз чөп өсүмдүктөрү жана жаздык сымал өсүмдүктөр өсөт. Мындан тышкары кышкысын жалбырагы күбүлмө кидик жарым бадалдар (уюл талы жана кайыңы), дайыма жашыл бадалчалар кездешет. Тундрага бир эле аянтта өсүмдүктөрдүн ар кандай тиричилик формаларынын көп болушу (полидоминанттуулук) мүнөздүү. Тоолордо, тоо токоюнан жогору, мамык чөп, эңилчек жана суукка чыдамдуу өсүмдүктөрдүн бир нече түрү өскөн тоо тундра зонасы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4