Тунук-Туз туз кени Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Казарман кыштагынан 17 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1360–1460 м бийиктикте. 1972-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен неоген катмарынын №2 туздуу свитасы менен байланышкан. Пайдалуу катмар чопо, алевролит жана линза сымал туз кабаттарынан турат. Туздуу катмардын узундугу 1 кмге чейин созулат, калыңдыгы 34 м. Бул жерде калыңдыгы 0,1–6,5 м болгон 9 галит кабаты 50–70 мден 700 мге чейин созулуп жатат. Кабаттар 62–99% таза галиттен турат. Туз мал чарбасында пайдаланылат. Туздун 5 кабатынын эсептелген запасы В+С1 категориясы 259 миң т, С2 – 937 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү