Турбуленттүү агым (лат. turbulentus - баш аламан) - суюктуктун же газдын, аны түзгөн элементтердин баш аламан, иретсиз, куюн түрүндөгү татаал кыймылынан пайда болгон агымынын бир формасы.

Канал, түтүк сыяктуу нерселердеги Турбуленттүү агым терең изилденген. Турбуленттүү агым ламинардык агымдан өзүнүн татаал ички түзүлүшү, агымдын кесилиши боюнча орт. ылдамдыктын бөлүштүрүлүигү жана агымдын максималдык ылдамдыгынын, каршылык коэфф-инин Рейнольдс санына (Re) болгон көз карандылыгы менен айырмаланат. Ал эми түтүктөрдөгү жана каналдардагы Турбуленттүү агымдын орт. ылдамдыгынын профили ага тушташ ламинардык агымдын парабола түрүндөгү профилинен ылдамдыктын каналдын каптал бетинен огун көздөй багытта тез өсүшү жана агымдын борбордук бөлүгүндө азыраак ийрейиши менен айырмаланат. Каптал бетке жакын жука катмардан башка бөлүктөрдө ылдамдыктын профили логарифм законуна баш ийет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4