Тургунбай Садыков
Бул макаланын мазмунун «Садыков Тургунбай Садыкович» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
Тургунбай Садыков - Кыргыз эл баатыры, бедизчи, сүрөтчү, КСРБнин Лениндик сыйылыгынын лауреаты. Социалисттик эмгектин баатыры. 1935-жылы азыркы Баткен дубанын Баткен районундагы Говсувар деген жеринде туулган. Говсуварда он жылдык мектеп болбогондуктан, 1947-жылдан тартып Ош шаарынын ныптасындагы Жапалак кыштагындагы жатактуу мектепте окуп, аны 1954-жылы бүтөт.
Жаратман алгачкы эмгеги «Баланын башы» айкели 1957-жылы Республикалык көргөзмөдө скульпторлор арасында баш байгени алат.
1961-жылы «Койчу» жана «Телегей Сагынбаева» деген эки иши Москвада Бүткүл бирликтик көргөзмөдө ачылып, бедизчинин көп улуттуу өлкөдө таанылышына чыйыр ачат.
Тургунбай Садыков 1962-64 жылдары Москванын Жогорку көркөм өнөрчүлүк окуу жайынын алдындагы эки жылдык жогорку курста окуйт. Бул жылдары СССРдин эл сүрөтчүсү, Лениндик сыйлыктын лауреаты Сергей Коненьков менен өтө жакындашып, анын таалим-тарбиясын көрөт жана ак батасын алат.
Бедизчинин «Жылкычы» деген иши 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу атындагы республикалык сыйлыкка татыктуу болот.
Тургунбай Садыков Бишкектеги Улуттук филармониянын алдындагы манасчылардын айкелинин, «Ала-Тоо» кинотеатрынын каптал жагындагы «Революциянын каармандары» жана С. Ибрагимов көчөсүндөгү 1941-45 жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына арналып тургузулган комплекстин, ошондой эле «Ала-Тоо» аянтындагы Эркиндик айкелинин автору.
Ал Бишкектеги Көркөм өнөр академиясынын жана анын алдындагы талантуу балдардын жатак-мектебинин негиздөөчүсү.