Турдумамбетов Жолдошбек

Турдумамбетов Жолдошбек (1942-ж. т., Карасуу айылы) - коомдук ишмер; Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1985-90), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (2000-жылдан).

  • Бишкектеги финансы-экономикалык техникумун (1961), КМУнун экономикалык факультетин (1972) бүткөн.
  • 1961-72-ж. Токтогул районунун чарбаларында башкы бухгалтер, башкы экономист,
  • 1972-75-ж. Кыргызстан КП Токтогул райкомунда бөлүм башчы,
  • 1975-77-ж. элдик көзөмөл комитетинин төрагасы,
  • 1977-90-ж. «Үчтерек» совхозунун директору,
  • 1990-92-ж. статистика комитетинин башчысы,
  • 1992-94-ж. «Кетментөбө» совхозунун директору, Каратектир айыл өкмөтүнүн төрагасы,
  • 1995-96-ж. Жалал-Абад облустук финансы башкармалыгынын начальнигинин орун басары,
  • 1997-жылдан Токтогул токой чарбасынын директору. Кыргызстан эл агартуу отличниги.
  • «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5