Туристтик базалар - туристтерди жайгаштыруу, тамактандыруучу жана маданий-тиричилик жактан тейлөөчү курулуш комплекси.

Туристтик базалар туристтик маршруттардын трассаларында жайгаштырылып, алардын филиалдары, баш калкалоочу жайлары болот жана туристтик маршруттардын планы боюнча да иш жүргүзөт. Кыргызстанда «Ак-Буура» (Ош), «Арстанбап», «СарыЧелек» (Жалал-Абад), «Байсоорун», «Улан», «Кырчын» (Ысык-Көл) Туристтик базалар, туризмдин эл аралык жаштар бюросу уюштурган «Спутник», «Достук» туристтик уюждары ж. б. иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4