Туристтик уюмдар - туристтик саякаттарды уюштуруучу жана туризмдин өнүгүшүнө жардам берүүчү улуттук, региондук жана Бүткүл дүйнөлүк коммерциялык же коммерциялык эмес мекемелер.

Европа өлкөлөрүндө пайда болгон (19-к.). Туристтик уюмдарга саякат жана экскурсия бюролору, балдардын экскурсия-туристтик станциялары, туризм жана экскурсия боюнча кеңеш ж. б. мекеме, фирмалар кирет. Дүйнөдө 13 миңден ашуун улуттук, 100дөй эл аралык Туристтик уюмдар иштейт. Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм 1975-ж. негизделген. 1995-ж. КРде туризм жана экскурсия боюнча респ. кеңеш иштей баштаган. Бүгүнкү күндө 210 ар кандай туристтик фирмалар иштөө үчүн лицензия алышып, миңдеген Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө саякатка жиберишүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4