Турнепс
Турнепс (Brassica rapa rapifera), тоют чамгыры өсүмдүктөрдүн кайчылаш гүлдүүлөр тукумундагы эки жылдык чөп.
Эгилген жылы жалбырак жана жоон азык-тамыры, кийинки жылы түбүнөн сабак, гүл өсүп, урук байлайт. Азык-тамыры - цилиндр, сүйрү, тоголок, өңү ак, көгүш, сары. Турнепс Германия, Дания ж. б. өлкөлөрдө, КМШ өлкөлөрүндө кара топураксыз аймактарда малга тоют катары өстүрүлөт. Азык - тамыры малга берилип, жалбырагы силостолот. Курамында кургак зат, протеин ж. б. бар. Зыянкечтери: кайчылаш гүлдүүлөр бүргөсү, капуста бити ж. б., илдети - кила ж. б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4