Турсуналиев, Мукамбеткалый

Турсуналиев Мукамбеткалый (Буранаев М.) (1926–1996) - акын, сатирачы.

Мукамбеткалый Турсуналиев Чүй районундагы Алчалуу колхозунда 1926-жылы 11-январында туулган.
1944–1950-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1952- жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирет.
1954–1957-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы,
1957–1986-жж. «Чалкан» журналында кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы,
1986–1987-жж. «Чүй Баяны» гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген.

М.Турсуналиевдин ырлары 1950-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Ал көбүнчө сатира, юмор жанрында иштеп, чыгармалары «Крокодил» «Огонек» ж.б. журналдардын беттеринен жарык көргөн.
М.Турсуналиев орус сатирачылары Крыловдун, Маршактын, Михалковдун, Семеновдун айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1962-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
М.Турсуналиев «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», «Советтик Армиянын 50 жылдыгы», ж.б. медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамоталары менен сыйлаган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Таанышуу: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 44 б.

Ырлар жана сатиралар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 102 б.

Бөлүнгөндү бөрү жейт: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмам-бас, 1964. – 40 б.

Шоро: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1965. – 123 б.

Миңдин бири: Тамсилдер, сатиралар, юморлор. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 82 б.

Менин шаарым: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1967. – 46 б.

Сумсайма: Сатиралык ырлар, тамсилдер, достук азилдер. – Ф.: Кыргыз-стан, 1968. – 114 б.

Биз кандайбыз?: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 12 б.

Мышык сопу: Тамсилдер, сатира-юморлор жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 96 б.

Чапанбай: Сатиралык аңгемелер, фелъетондор, тамсилдер, интермедиялар, такмазалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 175 б.

Даража: Аңгемелер, интермедиялар, бир көрүнүштүү пьесалар. – Ф.: Мек-теп, 1975. – 140 б.

Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 236 б.

Дың жана уйгак: Сатиралык ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 63 б.

Ой тобо: Сатиралык ырлар жана болумуш. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 88 б.

Кудалар: Сатиралык ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 91 б.

Талаш: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 16 б.

Саякат: Поэмалар, ырлар, сатиралар, тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 172 б.

Окшошконго мушташкан: Сатиралар, тамсилдер, азилдер. – Ф.: Адабият, 1991. – 128 б.

Орус тилинде

Кто мы такие?: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1969. – 16 с.

Спор: Сказка в стихах. – Ф.: Мектеп, 1986. – 20 с.

КОТОРМОЛОРУ

Семенов М. Айкын далилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 118 б.