Турсунбаев, Салимбай - манасчы, кесиби боюнча энергетик. Турсунбаев Салимбай 1959-жылы 13-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кайырма кыштагында туулган.

Атасы Орозбай “Манасты” жорго сөз менен сабалатып айткан чоң төкмө болгон. Ушундан улам, Салимбай атасынан Манас жөнүндө көп угуп, шыгы эртелеп ойгонот. Зээндүү бала ага аябай кызыгып, балалык баёо сезимдери менен баатырдын эрдиктерин көңүлүнө бекем түйүп өсөт. Тилекке каршы, 4-сыныпка келгенде атасы каза табат.

Болочок манасчы 7-сыныпка келгенде көпчүлүк манасчылар сыяктуу эле түш көрүп, кой дегендерге болбой ээлигип, “Манас” айта турган болот. Анан өзү жалпыга жарыя кылгысы келбеген кайсы бир кырсыктан улам, анын “Манас” айтуусуна таенеси караманча тыюу салат. Ичинде буркан-шаркан түшкөн күч жайына койбой, эми Салимбай эл жок, ээн жерлерде “Манас” айтып, аз да болсо бугун чыгарып жүрөт. Калган бугун ыр жазуудан чыгарат, жамактатып ырдап да жүрөт. Акыры 1986-жылы манасчылыгын ачыкка чыгарып, жалпы журттун алдында “Манас” айтат. Тез эле оозго алынып, жалпы республикага аты таанылып, белгилүү манасчылардын сабына кошулат. Анын манасчылык боюнча жетишкендиктери төмөнкүлөр:

1992-жылы залкар манасчы Орозбак уулу Сагымбайдын 125 жылдык мааракесине арналган Республикалык манасчылардын мелдешинде 3-орунга ээ болот;

1994-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата “Манас – 1000” дирекциясы тарабынан өткөрүлгөн Республикалык манасчылардын кароо-сынагында 1-орунга ээ болот;

1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык салтанатына карата өткөрүлгөн Эл аралык манасчылардын кароо-сынагында 3-орунга ээ болот;

2004-жылы Талас жергесинде өткөн, манасчы Назар Кайыптын 230 жылдык мааракесине арналган манасчылар таймашында 1-орунга ээ болот.

Манасчы Турсунбаев Салимбай ар убак изденүүнүн үстүндө жүргөн инсан. Ал жаңылык катары улуу жомоктун “Чон казат” темасы боюнча 6000 сап ырдан турган өзүнүн вариантын иштеп чыккан. Анын айтуусунда Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын “Алтын казнасына” “Манас” эпосунун ар кайсы эпизоддору жазылып алынган.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчилиги тарабынан “Кыргыз тилине кошкон салымы үчүн” мамлекеттик деңгээлдеги диплом менен сыйланган.

Учурда Турсунбаев Салимбай Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашап, энергетика адистиги боюнча Токтогул ГЭСиндеги Каскадда эмгектенет. Мындан тышкары, Кара-Көл шаардык Маданият үйүнүн усул бөлүмүндө башкы усулчу, “Балдардын атайын билим берүү борборунда” “Манас сабагы” боюнча мугалим болуп талыбай эмгектенип, артынан шакирт ээрчитип, жаш манасчыларды таптап келет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү