Турсунов Жаныбек (7. 11. 1933-ж. т., азыркы Нарын обл., Ат-Башы району, Ак-Талаа айылы) - мамлекеттик жана коомдук ишмер, белгилүү журналист.

Кыргыз ССРинин маданиятка эмгеги сиңирген ишмер кызматкери (1974). 1952-ж. КМУну бүтүргөн. 1952-56-яс. Нарын облусунун Ат-Башы районунун мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1956-60-ж. комсомолдун Ат-Башы райкомунун 1-секретары, Кыргызстан ЛКЖС БКнын бөлүм башчысынын орун басары, комсомолдун Тянь-Шань обкомунун 2-, 1-секретары, 1960-72-ж. партиянын Тянь-Шань обкомунун секретары, партиянын Кочкор райкомунун, Кочкор аймактыкөндүрүштүк к-тинин 1-секретары, Кыргызстан КП БКда бөлүм башчы, 1972-86-ж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору, ошол эле мезгилде (1977-86) СССР журналисттер союзунун секретары, Кыргызстан журналисттер союзунун башкармасынын төрагасы, 1986-92-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу басма сөздө мамлекеттик жашыруун сырларды сактоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Басма сөздүн таасирдүүлүгүн жогорулатууга жана массалуулугун арттырууга зор салым кошкон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6-11-чакырылышынын) депутаты. Эмгек Кызыл Туу, Элдердин Достугу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4