Турсунхан Салиева (1922-жылы Ош шаарында төрөлгөн) - актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1974). 1952-жылдан КПСС мүчөсү. 1935-жылдан Оштогу С.М. Киров атындагы өзбек музыкалык драма театрында 1940-жылдан Ташкендеги М. Мукими атындагы театрда, 1944-жылдан кайрадан С.М. Киров атындагы өзбек музыкалык драма театрында иштеген. Ал трагедиялуу, күрч мүнөздөгү ролдорду ойногон. Негизги ролдору: Кабаниха (А. Островский, «Добул»), Толгонай (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»), Васса (М. Горький, «Васса Железнова»), Тангабике (М. Карим, «Ай тутулган түндө») ж. б.

Сыйлыктары түзөтүү

Кыргыз ССР жана Өзбек ССР Жогорку Советтеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.