Туруктуу сүрөттөөлөр – элдик оозеки чыгармаларда улам бирине өтүп, же бир нече эпизоддордо туруктуу колдонулуп келген сүрөттөөлөр. Мисалы, «Манас» эпосунда уруш эпизоддорун жана андагы каармандардын абалын сүрөттөгөн мындайча баяндоолор бир топ учурларда колдонулат:

Найзалар төшкө така-так,
Айбалта башка шака-шак.
Ээрден көчүк кылтайып,
Үзөңгүдөн бут тайып.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Кыргыз адабияты(энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9