Туруктуу өнүгүү - коомдук өнүгүүнүн учурда жашап жаткан адамзаттын керектөөсүн камсыз кылуу менен кийинки муундардын керектөөсүн эсепке алган концепциясы.

Бул аныктама БУУнун Гру Харлем Брундтланд жетектеген эл аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгынын натыйжасында келип чыккан. Комиссия БУУнун алдында 1983-ж. айлана-чөйрөнүн, адамдын, табигый ресурстардын абалынын жана экон-социалдык өнүгүүнүн кескин начарлашынын натыйжасына байланыштуу түзүлгөн. Комиссияны түзүүдө БУУнун Генералдык Ассамблеясы экол. проблемалар глобалдык мүнөзгө ээ экендигин таанып, туруктуу өнүгүү саясатын иштеп чыгууда дүйнөдөгү дээрлик бардык мамлекеттердин жалпы кызыкчылыгына жооп берерине көңүл бурушкан. Туруктуу өнүгүүдө адамзаттын жашоо шарты мүмкүн болушунча жакшырып, айланачөйрөгө тийген таасир биосферанын өзүн-өзү калыбына келтирүү чегинен чыкпоого тийиштиги каралган. Б. а. адамзаттын жашоосунун табигый негизин сактоонун зарылдыгы тастыкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4