Турусбекова, Лилия Жусуповна

Турусбекова, Лилия Жусуповна (1933, Фрунзе шаары) — кыргыз кино режиссёру. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1970). Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссёрдук факультетин бүткөн (1956). 1956-жылдан "Кыргызфильм" киностудиясында хроникалык-дарек фильмдердин режиссёру болуп иштей баштаган. Т. жүздөн ашуун "Советтик Кыргызстан" мезгилдүү киножурналдарды, көптөгөн дарек фильмдерди тарткан. 1962-ж. "Улуу эпос" аттуу илимий-популярдык фильмин жараткан. Бул фильмде эпостогу негизги окуя өткөн жердин азыр уламыш болуп айтылып калган Каркыра өрөөнү, Саякбай Карала уулунун "Манасты " айтып жаткан учуру, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын "Манас" секторунун кызматкерлери жана манасчы (семетейчи) Дункана Кочуке уулу тартылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4