Турусбеков, Бейшен Турусбекович

Турусбеков Бейшен Турусбекович (1928-ж. т., Түп району, Талды-Суу айылы) — физиолог, медицина илимдеринин доктору (1966), профессор (1967). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991).
1952-ж. КММИни бүтүргөн.
1955—58-ж. КММИнин нормалдуу физиология кафедрасынын ассистенти, жалпы гигиена кафедрасынын доценти, 1958—65-ж. Кыргызстан ИАнын Крайлык медицина институтунда бийик тоо физиология лабораториясына башчы; 1965—73-ж. Кыргызстан курортология жана физиотерапия илимий изилдөө институтунун директору.
1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунун ректору, 1985-жылдан ошол эле институтта кафедра башчысы; профессор.
Турусбеков Бейшен 185 илимий (анын ичинде 6 монография), 52 илимий-популярдык эмгектин автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын бийик тоолуу шартында адаптациянын формасы менен механизмине, спортко машыккан балдардын организминин физиологиялык жактан өсүшүн, ишке жөндөмдүүлугүн жана функциялык өзгөчөлүгүн изилдөөгө арналган. Ал бийик тоолуу жерде жашаган балдардын вегатив жана соматикалык өсүү нормативин аныктаган.

Турусбеков Бейшен Турусбекович

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.