Турчинский, Валентин Павлович

Турчинский, Валентин Павлович (1926, Томск ш.) – геолог, Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972), геология-минералогия ил. кандидаты. Орто Азия политехника ин-тун бүткөн (1947). Айдаркен геол. чалгындоо партиялар тобунда коллектор, кийин ар түрдүү геол. партияларда кенже геолог, геолог, улук геолог, башкы геолог, партиялардын начальниги болун иштеген. Корея Элдик Демократиялык Республикасында (1956–58), Мароккодо (1975–77) иштеп келген. Кыргыз ССР ИАнын Геология ин-тунда улук илимий кызматкер болуп иштеген (1979–89). Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Чоңкой сымап кенин ачкандыгы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү