"Тууган " - белгилүү жазуучу Аман Саспаевдин калемине таандык .Ал "Гүлкайыр"(1966) аңгеме -жыйнагына кирген .

«Тууган» аңгемесинде кичинесинен сыртта өскөн Эрмек күзгү жумуштар бүтөрү менен туугандарынын чакыруусу боюнча келинчеги экөө тойго жөнөп кетишти. Туугандарынын жылуу күтүп алышы Эрмектин оюнда козголгон туугандык сезимин» ойготуп, анын ички дүйнөсүндө кандайдыр бир ишеним, таяныч пайда кылды. Бул сезимдин пайда болушун автор ишенимдүү турмуштук байланыштарда жана адамдардын татаал мамилелеринде сүрөттөйт. Эрмектин буга чейин тууган деген түшүнүгү ыйык, эң асыл болсо, тууганчылыкка ишенип ата- конушуна көчүп келгенден кийин тууганчылыктын бир топ машакатын башынан өткөрүп, «Тууган- бул айтарга, сөзгө гана керек, ал эми тууганга сөөнүп жашайм десең мүлде майышасың. Тууган күндө тийген күн эмес»³ деген жыйынтыкка келип, тууганчылыктын торунан тез эле чыга алды. Аңгеме мерчемдүү чекитине дал тиет, себеби автор курулай идеяны декларациялабайт, жандуу адам- дын тагдырын ачат. Жыйынтыктап айтканда А. Саспаев «Тууган» аңгемесинде «туугандык сезим», «туугандык байланыш» жалган адеп-ахлактык негиздерде курулса, анын иллюзиялуу экенин, түккө турбасын көркөмдүк жагынан да, психологиялык жагынан да жеткиликтүү көрсөтүү» менен бүгүнкү күндүн темасын ийгиликтүү чагылдыра алды десек жаңылышпайбыз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Кыргыз адабиятынын тарыхы, VII том. Бишкек - 2002