Тууган - белгилуу жазуучу Аман Саспаевдин анггемеси.Ал 1966-жылы чыккан "Гулкайыр" ангемелер топтомуна кирип жарык коргон. Ангемесинде кичинесинен сыртта өскөн Эрмек күзгү жумуштар бүтөрү менен туу гандарынын чакыруусу боюнча келинчеги экөө тойго жөнөп кетишет. Туугандарынын жылуу күтүп алышы Эрмектин оюнда козголгон туугандык сезимин» ойготуп, анын ички дүйнөсүндө кандайдыр бир ишеним, таяныч пайда кылат. Бул сезимдин пайда болушун автор ишенимдүү турмуш- тук байланыштарда жана адамдардын татаал мамилеле- ринде сүрөттөйт. Эрмектин буга чейин тууган деген түшү- нүгү ыйык, эң асыл болсо, тууганчылыкка ишенип ата- конушуна көчүп келгенден кийин тууганчылыктын бир топ машакатын башынан өткөрүп, «Тууган- бул айтарга, сөзгө гана керек, ал эми тууганга сөөнүп жашайм десең мүлде майышасың. Тууган күндө тийген күн эмес»³ де- ген жыйынтыкка келип, тууганчылыктын торунан тез эле чыга алды. Аңгеме мерчемдүү чекитине дал тиет, себеби автор курулай идеяны декларациялабайт, жандуу адам- дын тагдырын ачат. Жыйынтыктап айтканда А. Саспаев «Тууган» аңгемесинде «туугандык сезим», «туугандык бай- ланыш» жалган адеп-ахлактык негиздерде курулса, анын иллюзиялуу экенин, түккө турбасын көркөмдүк жагынан да, пс ихологиялык жагынан да жеткиликтүү көрсөтүү» менен бүгүнкү күндүн темасын ийгиликтүү чагылдыра ал- ды десек жаңылышпайбыз.