Туура-Кабак көмүр кени Миң-Куш кени Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 45 км түштүк-батыш тарапта, Молдо-Тоо менен Кабак кырка тоолорунун аралыгындагы Миң-Куш өрөөнүндө. 1956-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын юра мезгилинин чөкмө тектери түзөт. Көмүр, чопо, алевролит, аргиллит тектеринин арасында жатат. Мында көмүрдүн 8 катмары бар. Алардын калыңдыгы 3,60–13,1 м. Күрөң көмүр тибине кирет. Күйгөндө 27,9 МДж/кг жылуулук берет. Жогорку сапаттуу, күлдүүлүгү 18%. Запасы 41,0 млн т (1975).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү