Туура суу — Улакол–Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталган суу. Узундугу 46 км, алабынын аянты 593 км2. Туурасуу жана Улакол сууларынын кошулушунан түзүлүп, Ысык-Көлгө куят. Жылдык орточо чыгымы 3,1 м3/сек, эң көп чыгымы 73,4 м3/сек, эң азы 1,16 м3/сек. Май айында кирип, июнда ташкындайт, сентябрда тартыла баштайт. Жээгинде Караталаа кыштактары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү