Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Жип, кайчы.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Жаңыдан басып жаткан бөбөктүн буттарын жип менен тушайт, анын буттарынын жанына кайчы коюлат. Оюнга катышуучулар 40—50 м. аралыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары тушалган бөбөктү көздөй жүгүрүшөт. Биринчи келген оюнчу, кайчыны алып тушоону кесет. Тушоо кескен оюнчуга байге берилет.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Тушоо чечмей, жип чечмей,

Оюндун эрежеси түзөтүү

Буйруктан мурда жүгүрүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч, ылдамдыкка тарбияланат, тартипти сактоого, салтты үйрөнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү