Тыбыштардын алмашуусу - айрым тыбыштардын морфемада жана эки сөз арасында позициялык (комбинатордук) же шартталбаган себептерге (спонтандык, салттуу) ылайык алмашып, өзгөрүп турушу.

Тыбыштардын комбинатордук (фонет.) өзгөрүүсү тыбыштардын бирибирине таасир этишинен (сингармонизм, ассимиляция) улам болот. Кыргыз тилинде мис., чач - чаштуу, күч - күштүү, ак үй - агүй ж. б.; орус тилинде друг - друзья - дружеский, сухо - суше ж. б. Спонтандык алмашуулар өз алдынча тарыхый ички себептерге жана тил тарыхына байланыштуу. Алар кыргыз тилинде уңгу сөздүн башында (мис., сорпо - шорпо, чама - шама ж. б.), ортосунда (мис., мүрзө - мүрдө ж. б.), аягында (мис., даке - даки ж. б.) кезигип, көбүнчө диалектилик айырманы түзөт. Бирок Т. а. кыргыз тилинде сөздүн маанисин өзгөртпөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4