Тымпыйма
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн бөлмөдө, сахнада, боз үйдө, аянтчада өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар тегерек, уй мүйүз тарта отурушун, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүКатышуучулар өзүлөрүнүн бирөөсүнүн буйругу боюнча, тымпыйып сүйлөшпөй турууга аракеттенишет. Оюн башталгандан кийин чыдабай биринчи сүйлөп жибергени жыдыйт. Жыдыган оюнчу коллектив үчүн пайдалуу иш аткарып бериши керек.
Тымпыйып эч сүйлөбөгөн оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине тоскоолдук кылууга, ордуларынан турууга болбойт.
Педагогикалык мааниси. Катуу тартипти сактоого үйрөтөт.