Тыныш белгилери - жазуу элементтери; тилдик бирдиктерди (тексттин, сүйлөмдүн маанилик бөлүктөрүн) ажыратуу үчүн, сөздөрдүн ортосундагы синтаксистик, логикалык байланышты, сүйлөмдүн коммуникациялык типтерин, андагы эмоциялык маанини туюнтуу жана тексттин сырткы көрүнүшүнөн (цитаталар, айтылган ойдун бүтпөй калгандыгы, графикалык кыскартуулар ж. б.) кабар берүү үчүн кызмат кылат.

Тыныш белгилери сүйлөмдө коюлган ордуна карай бир нече түргө бөлүнөт;

  • 1) сүйлөм аягында коюлчу Тыныш белгилери (.?!) - айтылган ойдун аяктагандыгын, сүйлөмдүн маанилик түрлөрүн, эмоциялык өзгөчөлүгүн билдирет;
  • 2) сүйлөм ичинде коюлчу Тыныш белгилери (,;: - ()) - татаал сүйлөм тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү жана сүйлөм мүчөлөрүн бири биринен ажыратуу, алардын чегин бөлүп көрсөтүү үчүн колдонулат;
  • 2) цитатаны жана сөздөгү эмоциялык катышты билдирүүчү Тыныш белгилери («»);
  • сүйлөмдүн бардык жеринде коюлуп, ойдун жана айрым сөздөрдүн толук берилбегендигин көрсөтүүчү Тыныш белгилери (...).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б. игни