Тыт жибек көпөлөгү (лат. Bombyx mori, L. 1758) - Bombycidae тукумундагы көпөлөк.

Тыт жибек көпөлөгү.
Тыт жибек көпөлөгү & Morus nigra.

Канатын жайгандагы уз. 4-6 см. Курту кочкул өңдүү, калың түктүү, уз. 3 мм, салм. 0,0004 гча. 25-29 күндө өсүп жетилет. Ошол мезгилде 20-25 г тыт жалбырагын жейт. Денесинин 40%га жакыны жибек бөлүп чыгаруучу безден турат. Жетик курт 3 күн тамактанбай пилла түрөт. Пилда уз. 1000-1500 м жибек була түрүндө оролот. Жибек түрүүнүн 4-куну курт куурчакчага, 10 күндүгүндө көпөлөккө айланат.

Тыт жибек көпөлөгү Кытайда б. з. ч. эле колдо өстүрүлө баштаган. Жасалма тандоо аркылуу Тыт жибек көпөлөгүнун көп породасы чыгарылган. Азыркы жибекчиликте сапаттуу жана жогорку технологиялык жибек жип берүүчү жаңы гибриддер чыгарылууда. Илдети: нейрина, сарык, септицемия ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.