Тыңчы — жашырынып, аңдып сөз угуучу; артынан көз салып жүрүүчү, шпион. Байыртадан эле белгилүү. Падыша, кандардын, ошондой эле жоолашкан эки тараптын Т-лары болуп, алар маанилүү сөздү, кеңешти, алдыда жасалуучу ишти жана башкалар жашырын билип, өз жагына жеткирип турган. Согушта, байгелүү аш-тойдо Т-нын иш-аракети өтө маанилүү болгон. "Манас" эпосунда мындай айтылат: "Айтса кепти шыбырап Алыстан уккан тыңчы бар" (Сагымбай Орозбаков, 3. 185). Эсенкан кызы Бурулча Алмамбеттин Бээжинге келгенин түшүнөн билип, буйрук берет:

Корголоп турган капкачы,

Бүгүн капканын оозун жаппачы.

Кайтарып турган тыңчылар,

Сакчың менен биригип

Жаныма бирөөң жатпачы (Саякбай Каралаев, 2. 140). Мындан Т. жоо тарапта гана эмес, өз ичинде да жүрө тургандыгын баамдоого болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4