Тюлендер, түлөндөр (же аюубалыктар)(лат. Phocidae) - сүт эмүүчүлөрдүн калак буттуулар түркүмүнүн эки тукумунун (кадимки жана кулактуу Тюлендер) жалпы аты.

Pagophilus groenlandicus.

Кадимки Тюлендердин буту сүзгүч калакка айланган, манжалары жука жаргак менен бириккен. Кулак калканы болбойт. Дене уз. 1,61,8 м, салмагы 80-100 кг. 12 урууга бириккен 20 түрү бар. Түсү кара, боз тактуу. Алар уюлдук жана мелүүн алкактарда таралган. Алардан гренланд, каспий, байкал ж. б. Тюлендерпромыселдик мааниге ээ. Балык, моллюска, рактар менен азыктанат. Кулактуу Тюлендердин кичинекей кулак калкандары болот. Аралга, музга чыкканда тырмактуу арткы буттары денесинин алдында бүгүлүп, секирип жылууга мүмкүндүк түзөт. Көбүнө миграция мүнөздүү. Тюлендер промысел объектиси. Алардын көп түрү жана түрчөлөрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4