Тянь-Шандын түштүк тизмеги

Тянь-Шандын түштүк тизмегинин негизги тармагы Кан-Теңир тоо тоомунун түштүк-батыш жагынан башталган Какшаал-Тоо системасы. Боз-Кырды камтып, батышты карай мамлекеттик чек ара боюнча Чатыр-Көлдүн түштүгүнө чейин 582 км ге созулган Какшаал-Тоо бүткүл Тянь-Шань тоо системасынын ири орографиялык бирдиги болуп эсептелет.