Түзүм-функциялык талдоо ― коомдук кубулуштарды бүтүн тутум катары изилдөө жолу.

Маркстик социология боюнча коомдун түзүмдүк бөлүктөрү: коомдук-экономикалык формация, эмгектин болунушу, коомдук турмуштун негизги жактары, маданий-социалдык институттар, коомдун социалдык түзүлүшү. Бул түшүнүк эки мааниде колдонулат: биринчиден, социалдык тутумдун бир болугунун башка бөлүктөрүнө же жалпы тутумга карата аткарар милдети, экинчиден, тутумдун бир бөлүгүнүн өзгөрүшу башка бир бөлүгүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу болушу (мисалы, шаар менен айыл калкындагы озгоруулөр индустриянын өнүгүнгүнө байланыштуу) .

Маркстик социологияда түзүмдүк-функциялык талдоо тарыхый жана себептүүлүк принциптерин бири бирине айкалыштырып, бирдиктүү колдонуунун негизиндө жүргүзүлөт. Мисалы, К. Маркс «Капиталда» капитал түзүлүштүн түзүмдүк өзгөчөлүгүн аныктоо менен бирге анын тарыхый өнүгүшүнүн мүнөзүн ачып көрсөткөн. Вурж. социологияда түзүм-функциялык талдоо тарыхый жана функциялык принципти бирин бирине каршы коюунун негизинде бир жактуу идеалисттик мүнөздө колдонулат (мисалы, Т. Парсонстун абстракттуу теориясы).

Азыркы социологияда түзүм-функциялык талдоонун өкүлдөрү коомдун өнүтүшүндөгү туруктуулукту, тең салмактуулукту баса белгилеп, адамдын жүрүш-турушун теске салуунун негизги жолу катары дөөлөттөрдү, социалдык ченемдерди эсептешет. Алардын пикири боюнча түзүм-функциялык талдоо коомдук күчтөрду элдештирүүнүн жолдорун издөөгө багытталышы керек. Бул буржуазиянын мүдөөсүнө кызмат кылат.

Булактар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.