Түктүү мөмөлүү козополянския

Түктүү мөмөлүү козополянския (лат. Kosopoljanskia hebecarpa, М. Pimen. et R. Kam) - Көп жылдык поликарп өсүмдүк. Каудекси былтыркы жалбырактардын куураган саптарынын калдыктары менен капталган. Сабагынын саны 1-4төн, тоголок, түп жагынан тартып бутактанган, борбордук чатырчасынан узун. Жалбырактары көбүнчө тамыр моюнчасынан өсөт, кыска саптуу келет. Жалбырактарынын узундугу 7-10 см, эки ирет канаттай тилкелүү, жалпы формасы сызгычтай же ичке уштугуй. Акыркы сегменттери түбүнө чейин 2-3 ланцеттей тилкелүү. Чатырчасынын диаметри 15 см, 4-8 тең эмес нурлуу, узундугу 3,5-8 см. Орооч жалбыракчалары жок. Чатырчасы 7-10 гүлдүү, тең эмес, узундугу 6-10 мм келген гүл саптуу. Ороочторунун жалбыракчаларынын саны 5-6, шынаа сымал, чөптөй. Мөмөсүнүн узундугу 5 мм, жазы, жумуру, кырсыз, имерилген, чел кабык сымал бутактанган түктүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Белгисиз. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Алай тоо кыркасы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Бадал өсүмдүктөрүнүн арасындагы таштуу-шагылдуу тоо беттери, шагыл таштар.

Саны түзөтүү

Белгисиз. Эки жолку чогултуудан белгилүү түр.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Аныкталган эмес.

Өстүрүү түзөтүү

Өстүрүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Коргоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Ареалын жана популяциясынын санын изилдеп, Алай тоо кыркасынын этектеринде башка сейрек түрлөр менен катар коргоого алып, ботаникалык заказник уюштуруу керек.

Статусу түзөтүү

V U . Эндем. Кыргызстанда өскөн субэндем тукумдун эки түрүнүн бири. Сейрек учураган, антропогендик фактордун таасиринен тез эле жок болуп кетүүсү мүмкүн, чакан аймакты ээлеген түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү