Түк баштуулар (лат. Dipsacaceae) - өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму.

Dipsacus sativus.

Көбү чөп. Жалбырактары тушташ жайгашкан. Гүлдөрү майда, топ гүлү - башча, бир нече катмар өркөчтүү. Мөмөсү - урукча. Түк баштуулардын 10го жакын уруусунун 250 түрү Азия, Африкада, Жер Ортолук деңиз жээгинде таралган.

кыргызстанда 3 уруунун 10 түрү каксоо адыр, боздоң, шалбаада өсөт. Айрым түрлөрүнүн топ гүлүн түктүү кездемелерди жасоодо тарак катары колдонушкан. Кооздук үчүн өстүрүлөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.