Түк канаттар, булакчылар (Trichoptera) - курт-кумурскалар классынын түркүмү.

Hydropsyche (личинка).

Дүйнөдө Түк канаттардын 30 тукумунун 3000ге жакын түрлөрү кездешет. Толук өөрчүү (толук кубулма) жолу менен көбөйөт. Өтө майда, ооз органы жумшак, суюктук тамчыларын жалоого ыңгайланган. Баш бөлүгүндө - чоң көзү жайгашып, алар 3 көзчөдөн турат. Мурутчалары көп муунактуу жип сымал. Ал эми астынкы жаак тинтүүлөрү 2-5 муунактан турат. Жумурткасын топ-топ кылып сууга таштайт. Жырткычтары суудагы майда омурткасыздар, өсүмдүк менен азыктанган топтору да кездешет. Кээ бир түрлөрү желеден атайын жай жасап, кээлери таштын астына галлерея сымал формадагы уя салып, суунун астында жашоого ыңгайланышкан. Куурчакчасы эркин пиллада өөрчүйт. Көпчүлүгү чиркейлердин личинкаларын жеп, пайдалуу. Личинкалары жана куурчакчалары - балыктардын азыгы. Борбордук Азияда личинкалары шалы өсүмдүгүнө зыян тийгизет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4