Түлбер – байыркы кыргыздардын бир уруусу (6–10-к). Учурда Минуса ойдуңуна (Хакасия) туташ жашаган, кыргыздарга теги жакын шорлордо да түлбер аттуу урук бар. Алардын теги байыркы Енисей (Минуса) аймагынын кыргыздары менен байланышы бар. В.В.Радлов 9-кылымдан тартып кыргыздар биротоло мекендей баштаган азыркы Тувада (Уюк жана Туран дарыяларынын ортолугу) табылган таштагы жазуудагы түлбер (тюлбер) этнонимин енисейлик кыргыз урууларынын биринин аталышы катары карайт.

Бул эстелик-эпитафия Кыргыз кагандыгындагы жогорку даражалуу бийлик адамы Учин Күлүктиригке арналганы маалым. Кыргыз түлберлер (10-кылым) азыркы Туванын түндүк аймактарында, Минуса ойдуңуна жамаатташ жерлерде көчүп-конуп жашашкан. Айрым изилдөөчүлөр 9-кылымда түлберлер Минуса ойдуңунан азыркы Тувага Кыргыз кагандыгынын уйгурларга жасалган чабуулунан соң көчүп келишкенин белгилешет.

Г. Ф. Миллер өз эмгегинде казак-орустарга 1616-жылы салык төлөгөнү жөнүндөгү маалыматты берет. 17–18-кылымдарда түлберлер Кузнецк шаарына жакын Том дарыясына жамаатташ жерлерди байырлашкан. түлберлердин каада-салтын, жашоо-турмушун көрүп, каттоого алгандар телеут, алтай (түштүк алтайлар), качин, батыш тувалыктарга генетикалык жалпылыкта деген ойлорду айтышат. Этнонимди бүгүнкү кыргыздардын түлөө-берди, түлөөлү ж.б. уруктары менен окшоштуруп кароого негиз бар.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү