Кыргыздын сарыбагыш уруусунан чыккан баатыр. Манап бийдин чөбөрөсү.
Түлкү баатырдын баяны "Жаңыл Мырза" менен байланыштуу.
Түлкү баатыр башында саруу уруусунан Деркен деген кызга үйлөнгөн.

Бирок, Деркен келин менен Түлкүнүн энесинин жылдызы күйүшпөй, Түлкү ажырашууга аргасыз болот.

Түлкү баатыр Жаңыл Мырзанын кабарын угуп, үйлөнмөк болуп агасы Үчүкө баатырды ж.б. досторун алып барат. Барышса Жаңыл Мырза жок болгондуктан, тийгишип сынамака жылкысын тийип келип эс алып отурган жеринен Жаңыл Мырзанын колунан каза болушат.

Б. Солтоноев. Кызыл Кыргыз тарыхы 1т.(жеткиликсиз шилтеме)