Түлкү бий, Түлкү Айта уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – 18-кылымдын орто ченинде чекир саяк уруусун башкарган бий; кыргыз-кытай саясий жана дипломатиялык мамилелерин жакшыртууга салым кошкон инсан. 1758-жылы кыргыздарга карата чыгарылган кытай императорунун манифестин жарыялоо үчүн генерал Чжао Хой офицерлери менен Ысык-Көлгө келген. Аларды биринчилерден болуп Санташ ашуусунан Түлкү бий тосуп алган.

Түлкү бийдин коштоосунда кытай офицерлери Урдэн жана Толунтай кыргыз конуштарын кыдырып, Черикчи бийге жана Мааматкул бийге жолугушкан. Натыйжада Түлкү бий, Мааматкул бий кытай императоруна жөнөткөн кыргыз элчилеринин курамында Пекинге чейин барган. Кытай императору барган элчилерге, анын ичинде Түлкү бийге 3-даражадагы бийлик даражасынын белгисин, асыл таш жана тоос куштун канатын тапшырып, бурут башкаруучуларынын тизмесине киргизген. Түлкү бий менен Шербек 500 түтүн чекир саяк уруусун башкарышкандыгы ошол эле кытай маалыматтарында көрсөтүлгөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү